Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринде заманбап химиялык лаборатория ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына район акими Эрмек Бахавадинов билдирди.
Анын айтымында, Оргочор айылындагы Мамбет Тынаев атындагы орто мектепте жаңы химия лабораториясы ишке берилип, толук жабдыктар менен камсыздалды. Лабораториянын ачылышы окуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп, билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Долбоорго жалпысынан 1 миллион сом каражат жумшалган. Лаборатория төмөнкү жабдыктар менен камсыздалды:
- 18 аталыштагы химиялык идиштер;
- 23 аталыштагы химиялык реактивдер,
- 1 даана интерактивдүү панель,
- приборлорду сактоого арналган атайын шкаф.
Аким белгилегендей, жаңы лаборатория сабактарды натыйжалуу өткөрүүгө шарт түзүп, окуучулардын практикалык билимдерин арттырууга жардам берет. Ошондой эле келечекте айылдагы фермерлер да бул жерден керектүү маалыматтарды алып, пайдалана алышат деп күтүлүүдө.