Turmush — Бүгүн, 21-мартта Чүй облусунун Чүй районундагы Бурана айылында сүмөлөк фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Фестивалга Чүй районунун Кегети айылындагы «Келечек» бала бакчасынын жамааты да катышууда. Бала бакча кызматкери Сонункан Маткеримованын айтымында, сүмөлөктү кечээ, 20-мартта саат 10:00дөн кечки саат 00:00гө чейин кайнатып, жаап, демдеп коюп кетишкен.
«Эртең менен казанды ачканда анда тоо, көл жана ошол көлдүн так ортосунда түндүк, куштун башы менен жайылган канаттары чыкты.
Бир командада 8 киши болду. Жалпы 11 команда сүмөлөк кайнаттык. Азыр жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ар бирибиз 80 литрден сүмөлөк кайнатканбыз. Ал кайнаганда 30 литр болуп калат. Эл көп болуп, аягында сүмөлөк калбай калды», - деди ал.
Сүмөлөк фестивалынын баш байгеси — 50 000 сом.