Turmush — Бүгүн, 21-мартта Чүй облусунун Кайыңды шаарында Нооруз майрамы белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
10 миңден ашуун калкы бар Кайыңды шаары Панфилов районунун административдик борбору болуп саналат. Шаардын «Жеңиш» эс алуу паркында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Салттуу «Алас, алас» айтылып, улуттук баалуулуктарды даңазалаган көргөзмөлөр уюштурулду. Муну менен бирге шаар мэриясы тарабынан 600 адамга сүмөлөк таратылды.
Шаар мэри Рысбек Шейшенов тургундарды Нооруз майрамы менен куттуктап, маданият кызматкерлери өз өнөрүн тартуулашты. Салтанат тушоо кесүү, аркан тартуу жана башка каада-салттар жана ар түрдүү спорттук оюндар менен коштолду.
Майрамдык салтанатта райондун акими Бекмаат Масаидов Кайыңды шаарынын тургуну, райондун имам хатиби Жумабек Дуванаевге «Панфилов районунун ардактуу атуулу» наамын тапшырып, бир нече кызматкерди райондук мамлекеттик администрациянын ардак громатасы жана ыраазычылык каты менен сыйлады.