Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында 21-март — Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Мэриянын маалыматына караганда, майрамдык иш-чара Өзгөн шаарынын борбордук стадионунда уюштурулду. Иш-чарага шаар мэри Элдос Таев, район акими Каныбек Апбасов катышып, Нооруз майрамынын маанисине токтолуп, жашоочуларды куттукташты. Андан кийин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талант Арстанкулов куттуктоо айтты.
Ошондой эле иш-чара кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, кызыктуу оюн-зооктор, спорттук оюндар менен коштолду.