Turmush — Бүгүн, 21-мартта Кара-Көл шаарындагы «Энергетик» стадионунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага шаардын жетекчилиги, мекеме-ишканалардын башчылары, кызматкерлер жана шаар тургундары катышты.
Майрамдык программада концерт тартууланып, кол өнөрчүлөрдүн жана китеп көргөзмөлөрү уюштурулду. Ошондой эле спорттук мелдештер өткөрүлүп, аркан тартыш, футбол, ордо жана алыш күрөшү боюнча күч сынашуулар болду.
Майрамдын алкагында жарандарга улуттук даамдар — палоо жана сүмөлөк таратылды.