Turmush — Бүгүн, 22-мартта Талас облусунун Талас районунун Козучак айылында чырдан улам каза болго тургун акыркы сапарга узатылды. Анын өлүмүнө иниси шектелип жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, окуя 2026-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында болгон. Ага-ининин ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, анын кесепетинен 1991-жылы туулган К.А. агасы — 1988-жылы туулган А.А.га бычак сайган. Ал окуя болгон жерде көз жумган.
Маркум өзү туулган айылда жерге берилди.
Бул маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тастыктап, окуя Бишкек шаарында болгондуктан Талас милициясында катталбаганын айтышты.