Turmush — Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылынын тургуну жетекчилер менен болгон жолугушууда көзүнө жаш алды.
Бүгүн, 26-мартта Чүй облусунун Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун жана Кант, Токмок шаарларынын тургундары менен жолугушуу өттү. Аталган иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, райондук мамлекеттик администрация башчылар, мэрлер, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана аталган район, айыл аймактарынан келген жарандар катышты.
Шамшы айылынын тургунунун айтымында, малын уурдап кетишкен.
«Эки малымды жоготком. Уулум бир малды тапты. Уурдаган кишини кармап, мойнуна коюп берсем дагы, милиция кызматкерлери кое берип жиберишти», - деди ал.
Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысына бул маселени жеке өзүнүн көзөмөлүнө алууну тапшырды.
Ошондой эле аталган жолугушууда тургундардын бири залдан кезек алып, суроо берди.
«11 жаштагы бала ата-энеси бар туруп, жарандык иште жоопкер боло алабы? Мыйзамда каралганбы? Экинчиси, жасалма документ. Чойбекович отурабы? Азыр бизде милиция кызматкерлерде "крыша" болуу, тууган-дос деген барбы? Анан дагы прокуратура отурабы? Прокуратура жарандарды кабыл албайт. Барсаӊ "эмне келдиң?" деп киргизишпейт», - деди ал.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов аталган жаранды биринчи күнү саат 16:00дө кабыл алып, маселелерин жеке укмай болду.