Turmush — Мектеп окуучуларынын Бишкекте өткөн предметтик олимпиадасынын республиканын турунда Ат‑Башы районундагы Карыбек Карпеков атындагы орто мектептин 11‑классынын окуучусу Мария Качкынова кыргыз тили жана адабияты сабагынан 1-орунду алды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн.
«2015-жылы Кара-Булуң айылындагы А.Искендеров атындагы орто мектепке 1-класска кабыл алынып, 2017-жылдан тартып Кара-Суу айылындагы К.Карпеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде билимимди улантып келем. Учурда аталган мектептин 11-В классынын окуучусумун.
Окууга жоопкерчилик менен мамиле жасайм. Өзгөчө кыргыз тили жана адабияты сабагына кызыгуум жогору болуп, бул багытта туруктуу жетишкендиктерге жетишип келем.
2024-2025-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик олимпиаданын райондук жана облустук баскычтарынан 1-орундарды багындырып, республикалык турга катыштым. Ал эми 2025-2026-окуу жылында райондук баскычтан 2-орунду, облустук жана республикалык баскычтардан 1-орундарды ээледим.
Менин негизги максатым — сапаттуу билим алуу менен бирге, келечекте коомго пайдалуу, өз ишин мыкты билген адис болуп калыптануу жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө татыктуу салым кошуу», - деди ал.
Аны олимпиадага даярдаган мугалиси Асылкүл Эсеналиеванын айтымында,
«Марияны 3 жылдан бери даярдап келе жатам. Былтыр дагы райондон жана облустан 1-орунду алып, бирок республикадан ала албай калганбыз. Бул ийгилик жөн эле келбейт. Мага жакканы таза, так, адилеттүү өттү. Биз болгон билимди бердик, окуучу ошол билимди кайтарып берди.
Ишемби күндөрү дагы даярдачумун эртеден кечке отурган убакыттар болду. Ата-энесине дагы чоң рахмат. Мен койгон шарттарды аткарышты. Кыз дагы зээндүү. 9-класста артыкчылык күбөлүк алган. Мен койгон тапшырмаларды өз убанында аткарып, намыстуу дагы кыз экен, былтыр орун албай калган калганда ыйлаган», - деди ал.
- Бишкекте өткөн мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республиканын турунда Нарын облусунан катышкан 27 окуучунун ичинен бешөө байгелүү орунга ээ болду.