Turmush — Обончу жана аткаруучу Эмилбек Балтагулов Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын директору болуп дайындалды.
Маалым болгондой, жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажималиев тааныштырды.
Эмилбек Балтагулов 1981-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай шаарчасында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүнө тапшырып, 2004-жылы ийгиликтүү артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2004-2007-жылдарда Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин окутуучусу;
- 2010-2011-жылдары Чаткал районундагы Терек-Сай шаарчалык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;
- 2013-2019-жылдары Жалал-Абад облустук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын артисти;
- 2015-2017-жылдары ошол эле филармониянын директорунун орун басары болуп иштеген;
- 2016-2019 окуу жылдарында Гүлнара Бакиева атындагы №24 жалпы билим берүүчү орто мектепте окутуучу;
- 2019-жылдын январь айынан баштап Сузак райондук балдардын билим берүү борборунун "Жаш талант" музыкалык ийриминин жетекчиси болгон;
- 2019-жылдын 24-июнунан тартып Жалал-Абад маданият техникумунун директору;
- 2021-жылдын 28-октябрынан тартып Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын директору;
- 2022-жылдын ноябрь айынан тартып Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп иштеген.
Э.Балтагулов 5 дастандын, 70тен ашык обондордун автору. Ал Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, көптөгөн конкурстардын лауреаты, бир катар ири мамлекеттик мекемелердин ардак грамоталарынын ээси. Үй-бүлөлүү 2 кыз, 1 уулдун атасы.