Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Иса Султанбеков учурда кыргыз спортунун сыймыктарын мектептин дубал бетине түшүрүп жаткан кези. Жаш сүрөтчү менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
Султанбеков Иса Болотович 1997-жылдын 13-февралында туулган. Ал Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алып, сүрөт өнөрүнүн ар кыл багыттарын өздөштүргөн. Бүгүнкү күндө 3D стиль, графика, живопись, рельефтик (гипс менен) сүрөттөр жана мозаика ыкмасы менен эмгектенип келет. Ошондой эле курулуш боёкторунан тартып тушь, гуашь, май боёк жана ал тургай кофе менен портрет тартуу чеберчилигин да колдонуп жүрөт.
Сүрөтчү учурда Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринин спорт залын өзгөчө стилде кооздоп жатат. Ал дубалдарга кыргыз элинин белгилүү спортчуларынын жана тарыхый инсандарынын элесин чагылдырып, окуучуларга дем-күч берүү максатын көздөйт.
«Мектептин спорт залынын дубалдарына кыргыздын сыймыгы болгон спортчуларды — Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Валентина Шевченконун элесин түшүрүп жатам. Эмгектерим спорт залда машыккан жаштарга дем берип, аларды ийгиликке шыктандырса деп тилек кылам. Анткени бул спортчулардын ийгилиги ар бир жаш муунга жакшы мотивация берип келет», - дейт сүрөтчү.
Мындан тышкары, ал кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүн да тарткан. Алардын катарында Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Касым Тыныстанов, Бүбүсара Бейшеналиева, Алыкул Осмонов жана Саякбай Каралаев бар. Ошондой эле «Манас» эпосунун башкы каарманы Манастын образы да дубалдан орун алган.
Сүрөтчү бул мектепте бир жарым айдан бери эмгектенип, айрым учурларда түнкүсүн да иштеп жатканын белгиледи. Дубал сүрөттөрүнүн көлөмү 6 метрден 20 метрге чейин жетип, заманбап стилде аткарылууда.
«Бул кыргыздын атактуу инсандарынын элесин чагылдыруу, сүрөт аркылуу алардын басып өткөн жолун келечек муунга жеткирүү мен үчүн сыймык», - дейт ал.
Иса Султанбеков чыгармачылык менен катар коомдук иштерге да активдүү катышат. Ал китепканаларда балдарды искусствого тартуу максатында акысыз сабактарды өтүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына сүрөт тартууну үйрөтөт.
«Ошондой эле майрамдарда балдардын бетине, колуна атайы боёктор аркылуу өздөрү каалаган сүрөттөрдү ыктыярчы катары тартып берем. Бул балдардын майрамдык маанайына өзгөчө шаң кошот. Алар өздөрү жакшы көргөн мультфильм кармандарын, жомок каармандарын суранышат. Тартып бүткөндөн кичинекей балдар колдорундагы сүрөттү карап кубанганын көрүп, алар менен мен да кубанам. Балдарга майрам тартуулоо ар бирибиздин милдетибиз. Бактылуу балалыгына жакшы элес калтырганын кубанам», - дейт каарманыбыз.
Жаш сүрөтчү мектеп кезинен бери ар кандай коомдук иштерге, сынактарга катышып, алкыш баракчаларына, грамоталарга жана сыйлыктарга ээ болуп келген. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн жеке стилин өнүктүрүүгө басым жасап, эч кимди туурабай, универсалдуу чебер болууга умтулат.
«Эч кимди туурабай, өзүмдүн стилимди алып кеткенге аракет кылам. Билбеген нерсемди өз алдымча үйрөнгө аракет кылам. Адам дайыма изденүүнүн үстүндө болсо, ийгиликке жетерине ишенем», - дейт ал.
Каарманыбыз үч бир туугандын ортончусу. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.
«Бир туугандарым да сүрөттү жакшы тартат. Бирок сүрөтчүлүк өнөрдү мен эле улап кеттим», - дейт ал.
Келечекте Иса Султанбеков өз чыгармаларын интернет аркылуу дүйнөгө таанытып, кыргыз искусствосун даңазалоону максат кылат. Ошондой эле ал Кыргызстандагы бардык мектептерди жана бала бакчаларды кооздоп чыгуу кыялы бар экенин белгилейт.
«Артымдан тарыхта калтырып, чыгармачылыгымды дүйнөгө тааныса экен деген максаттарым бар. Ошондой эле ар бир бала бакча, мектептердин дубалдарын кооздоп, жаш муундарга дем-күч, шык берген сүрөттөрдү тартсам деп кыялданам», - дейт ал.
Жаш сүрөтчүнүн айтымында, ар бир эмгек — бул тарых. Ал өзүнүн чыгармачылыгы аркылуу артында из калтырып, кийинки муунга дем берүүчү мурас жаратууну көздөйт. Баатырлардын да сүрөттөрүн жакшы тартат. Мындай эмгегинин бири — Бишкек шаарында Манас баатырдын сүрөтү. Ошондой эле баатырлардын элесин ал ар бир облуста тарткан.