Turmush — Аламүдүн районуна караштуу Достук айыл аймагынан барган «Берлик» командасы Токмок шаарында өткөн көк бөрү боюнча турнирге катышып, 8 команданын ичинен 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, бул жеңиш улуттук оюн — көк бөрүнүн күчүн, биримдигин жана кыргыз элинин духун даңазалаган чоң жетишкендик болду.
Аталган мелдеш жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул жолку оюн кышкы көк бөрү сезонунун жабылышына арналды.
Турнирде «Тайманбас», «Ак-Шумкар», «92», «Советский», «Токмок», «Советский жаштары», «Дөң-Арык», «Кегети» жана «Берлик» командалары күч сынашты.