Turmush — Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы Эркин Мамбеталиевге карата биринчи инстанция сотунун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.
Облустук соттун басма сөз кызматы бүгүн, 30-мартта билдиргендей, 2025-жылдын 3-июлундагы Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен М.Э.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү (уюштуруучу) — 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган ошол эле жосун) боюнча күнөөлүү деп табылып, жаза өтөө мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулган.
М.Э.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иштерди жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркинен ажыратуу жазасына тартылган.
Мындан тышкары, М.Э.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде, дайындалган жазалар жарым-жартылай кошулуп, мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 9 жылга эркинен ажыратуу жазасын алды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.
Жаза өтөө мөөнөтү 2024-жылдын 10-августунан баштап эсептелет. М.Э.Ш.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.
Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы 2025-жылдын 2-декабрындагы өкүмү менен М.Э.Шга. карата Ысык-Көл райондук сотунун 2025-жылдын 3-июлундагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.
------------------------------------------------------------
2024-жылдын 9-августунда УКМК Эркин Мамбеталиев кармалганын билдирген.