Turmush — Мамбетова Жылдыз Асанкуловна президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тийиштүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Буга чейин аталган кызматта Иманалиева Айдана Керимбековна иштеп жаткан. Ал президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Мамбетова Жылдыз Асанкуловна 1980-жылы 1-декабрда Нарын районунун Эмгекчил айылында туулган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.
Билими:
- 2010-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу факультети, социалдык менеджмент адистиги (магистр);
- 1997-2002-жылдары — Нарын мамлекеттик университетинин юридика факультети, юрист.
Иш тажрыйбасы:
- 2002-жылы — «Суу-Дан» ЖЧКсы, юрист;
- 2002-2003-жылдары — Нарын облустук аскер комиссариаты, альтернативалык жана каттоо бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы;
- 2003-2006-жылдары — Нарын облустук мамлекеттик администрациясы, юридикалык бөлүм, адис-жетектөөчү адис;
- 2006-2014-жылдары — Мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгү, адис-жетектөөчү адис;
- 2014-2018-жылдары — Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары;
- 2018-2024-жылдары — Мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактар өкүлчүлүгүндө башкы адис, 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси;
- 2024-жылдан бери — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.
Кошумча билими:
- жалпы 28 сертификаттын ээси;
- 2016-жылы — Кытай Эл Республикасынын Фуцянь провинциясынын Фучжоу шаарында өткөн эл аралык «Шаарды интернационализация» семинарынын сертификаты;
- 2024-жылы — Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы семинар;
- 2025-жылы — Россия Федерациясынын Москва жэана Уфа шаарындагы семинар.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Алган сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ардак грамотасы, «Мамлекеттик кызматтын отличниги»;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ардак грамотасы;
- Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ардак грамотасы;
- ыйгарым укуктуу өкүлдүн ардак грамотасы;
- Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрацияларынын ардак грамотасы;
- «Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу» наамы.