Turmush — Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин 11-Д классынын окуучусу Шайырбекова Рабия Шайырбековна орус мектептери үчүн өткөрүлгөн «Орус тили жана адабияты» сабагы боюнча республикалык предметтик олимпиадага катышып, 2-орунду ээледи. Ал буга чейин облустук турда да 2-орунга татыган.
Окуучунун ийгилигине кубанган мектеп жамааты жана окуучулар аны салтанаттуу тосуп алышты. Анын келишине карата кызыл килем төшөлүп, кол чаап, гүлдесте тапшырышты. Рабияны олимпиадага орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Касымалиева Жылдыз Турсейитовна даярдаган.
Рабия Шайырбековна мектеп тарабынан ушундай урмат-сый менен тосуп алынганына абдан толкунданып жатканын жашыра алган жок. Ал 2008-жылдын 4-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында төрөлгөн. Өзүнүн жетишкендиктери тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.
«Мен ата-энем жана эки эжем менен жашайм. Үйдүн кичүүсүмүн. Кичинекей кезимден баштап китеп окууга, сүрөт тартууга, жомок жазууга кызыкчумун. Эжелерим менен бирге чыгармачылыкка жакын болуп чоңойдум.
Ата-энем бизге бардык шарттарды түзүп беришкен. Атам Молдосариев Шайырбек Жумалиевич ырларды, эсселерди жазып, мага окуп берип, адабиятка болгон сүйүүмдү ойготкон. Ал өзү да мыкты жазуучу. Энем Чынасылова Лира Аскарбековна китеп окуганды үйрөтүп, үй жумуштарын жасап жатып мага жомок, тамсилдерди үн чыгарып окутчу. Анын мени угуп, кубанганы мага дем берип, китеп окууну жакшы көрүп калдым. Улуу эжем кечинде уккан же өзү ойлоп тапкан жомокторун айтып берчү. Ортончу эжем болсо мага өзгөчө таасир эткен. Ал китепканага менден мурда барып баштаган, мен болсо ал алып келген китептерди окучумун.
Экөөбүз эгиздей жакын болуп чоңойдук. Мектепке барганда китеп окуу менен алек болуп, чакан сценкаларда роль ойноп, мектептеги иш-чараларда көркөм окууга катышчумун. 2-класста “Атадан калган туяк” чыгармасын жаттап айтып берип, аны өзүмдүн эң алгачкы жетишкендигим деп эсептейм. Ошондо китеп окуу эс тутумду күчөтөрүн түшүнгөм.
Кичинекей кезимден эле мугалимдерге жакын болчумун. Башталгыч класста мугалимим Рахат Төлөновна болгон. 5-класста Гүлжан Үсөнкадыровнанын классына киргем. Ал англис тилинен сабак берет, классты катуу кармайт, бирок ошол эле учурда бардык окуучуларын мээримине бөлөп турат. Эжейим мени кайраттуу, эмгекчил, тайманбас болууга үйрөттү.
Ошол эле мезгилде орус тили сабагынан Жылдыз Турсейитовна сабак бере баштаган. Ал мени чоңойгондо олимпиадага алып барарын айтып калчу. Ошол кезде китеп жазууга да кызыга баштадым. Кечинде ноутбукка текст терип, чакан аңгемелерди жаза баштагам.
8-класстан тартып орус тили боюнча олимпиаданын мектеп баскычына катышып, райондук баскычта 5-орунду алып калгам. Ошого аябай капалансам да, кийинки жылга жакшы даярданып, 9-класста республикалык баскычка чейин жетип, ал жактан 2-орунду ээлегем. Даярданууда китеп окууга жана дил баян жазууга өзгөчө басым жасачумун. Грамматиканы көп окуучу эле окуп, жаттап алат экен деп ойлоп, дил баянымды күчтөндүрүүгө көбүрөөк көңүл бурдум. Ал эми Жылдыз Турсейитовна менин башкы сынчым да, башкы машыктыруучум да болду.
Бул жылы Нарында өткөн облустук баскычта калыстар менин дил баянымдан 13 балл алып салышты. Бирок анын себебин так айтуудан качышты. Ошол себептен 1-орунга жетпей калдым. Ага карабай, өзүмдүн мыкты экенимди далилдейм деген максатты алдыма коюп, талыкпай даярдандым. Үчүнчү жыл катары менен Нарын облусунун намысын коргоп, эжейим экөөбүз республикадан байгелүү орун алып келе жатабыз.
Олимпиадада ийгилик жаратуу үчүн эң биринчи китепке жакын болуу керек деп ойлойм. Ошондой эле мугалим менен каталарды талкуулап, берилген тапшырмаларды убагында аткаруу зарыл. Убакытты туура пайдалануу үчүн телефонума Instagram, Facebook сыяктуу тиркемелерди жүктөбөйм. Убактымдын көбүн окууга, туура эс алууга жана жакындарым менен баарлашууга арноого аракет кылам.
Буюрса, алдыда дагы чоң максаттарым бар. Алардын бири — жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алуу жана Кыргызстан тарыхында максималдуу упай алган биринчи окуучу болуу. Ошондуктан алдыда дагы көп эмгек күтүп турат.
Мага сабак берген мугалимдердин баары мыкты, эң сонун адамдар. Аларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем жана алардын окуучусу болгонума сүйүнөм. Алардын талыкпас эмгегин актоо — менин эң башкы максатым», — деди Рабия Шайырбекова.
Бишкек шаарында өткөн мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиадасында Нарын облусунан 27 окуучу катышып, алардын бешөө байгелүү орундарды камсыз кылышты. Анын ичинен Кочкор районунан 7 окуучу барган.
Жыйынтыгында Ат-Башы районундагы Карыбек Карпеков атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Мария Качкынова кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 1-орунду камсыздады.
Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Рабия Шайырбекова орус тили жана адабияты сабагы боюнча катышып, 2-орунду ээледи.
Ак-Талаа районундагы Б.Мүсүралиева атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Канайым Нурланбекова кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча катышып, 3-орунга татыктуу болду.
Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Адилхан Кадыров информатика сабагы боюнча 3-орунду ээледи.
Ал эми “Билимкана-Нарын” мектебинин 9-классынын окуучусу Акактай Өмүрзакова кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 4-орунду багындырды.