Turmush — Социалдык тармактарда Темирболот Абыкеевдин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалышы кызуу талкууга түштү.
Колдонуучулар ал акыркы 5 жылда бир нече ирет акимдик кызматка дайындалып, ошондой эле 8 ай Баткен шаарынын мэри болуп иштегенин жазышты.
Turmush басылмасынын кабарчысы жаңы акимден бул жагдай боюнча комментарий алды. Темирболот Абыкеев социалдык тармактагы талкуудан кабары жок экендигин, Ала-Бука районуна жумушту баштоого бара жатканын билдирди.
«Бизди кандай кызматка койсо, ошол жумушту аткара беребиз. Эми элде ар кандай көз караш, ар биринде ой-пикир бар», - деди ал.
Абыкеев Темирболот Асаналиевич 1984-жылы 25-декабрда туулган.
Темирболот Абыкеев 2020-жылдын март айында Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалган.
Ал эми 2021-жылдын 22-майында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалган. Ал Кочкор районунун акими кызматынан бошотулган.
Темирболот Абыкеев 2023-2024-жылдары жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматына иштеген.
Ал эми 2025-жылы Баткен шаарына мэри болуп дайындалып, бул кызматта 8 ай иштеген. Абыкеев 2025-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн аталган кызматынан кеткен.
2024-жылы Кара-Суу районунда аким болуп иштеп турган мезгилде пара алууга шектелип кармалып, кийинчерек кылмыштын курамы жок деп кылмыш иши токтотулган.
-------------------------------------------------------------------------------
Бүгүн, 1-апрелде Манас шаарында жаңы дайындалган 6 жетекчи тааныштырылды. Алардын арасында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, акимдер, алардын орун басарлары жана мэрлер бар.