Turmush — Тоң районунун Кызыл-Туу айылына караштуу Чат участогунун тургундары көп жылдан бери бир катар маселелери чечилбей, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
«Бул калктуу пункт 1940-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда 100гө жакын адам жашайт. Жашоочулардын басымдуу бөлүгүн балдардын багуусунданы кары-картаңдар түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы менен камсыздоодо көйгөйлөр болуп келген. Бул кыйынчылыктыр өзгөчө күз-кыш мезгилинде билинет. Иштеп жаткан трансформатор биздин айылдан 2 км алыстыкта жайгашкандыктан бизге берилген электр энергиясы жетишсиз. Талап кылынган 220В электр энергиясынын ордуна болгону 100-110В энергия келет. Ушуга байланыштуу өнүккөн технологиянын, санариптештирүүнүн заманында жашап жатканыбызга карабастан үйлөргө жарык жеткиликтүү берилбейт жана тиричилик техникалары таптакыр иштебейт. Биз жашап жаткан аймакка өзүбүз сатып алган трансформаторду койдуруп берүүнү суранабыз.
Ошондой эле негизги жолдон биздин айылдын ортосун узундугу 8 чакырым шагыл жол менен келебиз. Чат аймагын туурасы 12 метрлик дарыя бөлүп турат. Дарыядан өтүүчү көпүрө жок. Тургундар ары-берүү өтүү үчүн унааларын жээкке калтырып, жай-кыш мезгилине карабай кечмеликтен жөө өтүүгө мажбур болушат. Бул маселе тургундардын жашоо шартын ого бетер кыйындатууда. Кары-картаңдарды, оорулууларды, балдарды алдуу жаштар көтөрүп өтүшөт. Ушул себептен дарыянын үстүнө жок дегенде жеңил унаалар өткөнгө ылайыкталган көпүрө салуу зарылдыгы бар.
Жогоруда айтылгандардын негизинде биздин кайрылуубузду карап, көйгөйлүү маселелерибизди чечүүгө көмөк көрсөтүүңүздөрдү чакан айылдын жалпы тургундарынын атынан өтүнөбүз жана тиешелүү чаралар көрүлөрүнө ишенебиз. Бизге жардам бериңиздер», - деп айтылат тургундардын кайрылуусунда.