Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Бейшеке айылындагы фельдшердик-акушердик пункта иштеген медайым Нуржамал Мамытказиева жаңы жумушка киргенде бир айылдан экинчи айылга бир жыл бою жөө каттаган. Өмүрүнүн 40 жылга чукул бөлүгүн медицина тармагына арнаган каарман менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Ал Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылында 1967-жылы 22-сентябрда төрөлгөн.
«Кызарт айылында 10-класска чейин орто мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы медициналык училищага тапшырып, эки жыл окудум. Ошондо мектепти 1986-жылы аяктасам, 1984-жылы училищаны бүткөм.
Студенттик кезде жолдошум менен кинотеатрдан таанышып калганбыз. Окуумду бүткөндөн кийин экөөбүз баш кошуп, ушул Бейшеке айылына келин болуп бардым. Жолдошум экөөбүз 3 баланын ата-энесибиз.
Келин болуп келген жериме кошуна айыл болгон Боролдойдогу ооруканада 4 жыл иштедим. Анын биринчи жылы аябай оор болгон. Анткени Союз тарап, техниканын баары токтоп, транспорттук каттам үзүлгөн болчу. Мындан улам күн сайын Бейшеке айылынан Боролдойго чейин жөө каттап барып келчүмүн. Ошентип 1 жыл жүрдүм. Тоону ашып өтүп, жолдогу мүрзөлөрдү аралап өтчүмүн. 4 жылдан кийин, 1993-жылы март айында Бейшеке айылындагы ФАПка которушту. Ошондон ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам», - деди ал.
Медайым жумушу ары татаал, ары кызыктуу экенин белгиледи.
«Кесибимди жакшы көрүп, анын татаалдыгына, оор түйшүктүгүнө карабай жан тынбай иштеп келем. Азыр пенсия курагындамын. Бирок жаш адистер келбей жатканына байланыштуу ишимди улантып жатам. Үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ сыйлыктарды алып келем. Жергиликтүү тургундар менен жакшы мамиледе болуп, элдин ишениме ээ болдум», - деди ал.
Каарманыбыз жумуш учурунда эсинде калган окуяларынан да айтып берди.
«Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары электр жарыгы тез-тез өчүп жаткан. Көчөлөр караңгы, үйлөр муздак. Бир жолу бир келин караңгыда үйүндө төрөгөнүн айтып, чакырып келишти. Барсам, үйүндө жада калса чырак жок экен. Үй дагы, эшик дагы көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Анан келинди үйгө жаңы эле киргизип, жаткырышыптыр. Тегеректеп 2-3 кемпир жүрөт. Баланы карасам, бала жок. "Ай, бала кана!?" деп эле ызы-чуу болуп, издеп калдык. Көрсө, келин эшиктен төрөп, кемпирлер буу-шайманга түшүп, келин менен алагды болуп жатып, жерге түшкөн баланы тону менен калтырып кетишиптир. Караңгыда бирин-бири баланы алды деген ой менен келинди ээрчитип кирип кетишсе керек. Эшикте калган бала көпкөк болуп кетиптир. Анан киндигин кесип, эненин койнуна салдык. Ошондо бала кадимкидей бутунан баштап кызара баштады. Баланы аман алып калганыма абдан сүйүнгөм.
Дагы бир окуя эсимде. Бир келин 5 кыз төрөптүр. Алтынчысын толготуп жатат дегенде бардым. Анан аман-эсен төрөдү. Сыртка чыгып, жолдошуна "сүйүнчү, уулдуу болдуң" десем, күйөөсү аябай сүйүнүп, мени укмуш сыйлаган. Ошол үйдө 1 жыл жашагандай эле болгом. Баягы келин "балам минтип жатат, тигинтип жатат" деп эле күндө чакырат, күндө барам. Эркек уул деп аябай кастарлап карашкан.
Ошол эгемендик алгачкы жылдары оорукана алыс, тез жардам келбейт. Айылда кары-картаңдар көп ооручу. Кыйналып ооруп жаткан бейтаптарды карап, үйлөрүнө түнөп калчумун. Анткени кетсем, артыман кайра чакыртышчу. Айылда кээ бир кишилердин үйүндө кандай дары бар экенин билчүмүн. "Баланча шкафта баланча деген дарыңыз бар, ошону алып келиңиз" дечүмүн. Ушундай убак болгон. Айыл элинин ар бириндеги дарылар ортонуку сыяктуу болуп калган. Ал кезде дары жок. Бирөөндө болсо, бирөөндө жок болчу. Кары-картаңдар мени күтүп отурушчу. Эртең менен бир кыдырып, кечинде бир кыдырып чыкчумун. Оорусу өтүшүп кеткендердин, карылардын акыркы мүнөттөрүндө дагы барып, жардам бердим. Көз алдымда көз жумгандар болду. Кээ бир карыялар жөн эле кан басымын текшерип, жылуу сүйлөп койсом эле айыгып калышчу. Азыр деле ушундай. Телефонду өчүрбөй жаныма коюп жатам. Күнү-түнү даяр турам. Бирок азыр заман оңолду. Ооруканалар, ФАПтар жакшы иштеп жатат. Райондо мыкты адистер иштөөдө. Азыр алгачкы жардам көрсөтүп, олуттуу болсо районго, шаарга жөнөтөбүз.
Бош убактымда медициналык китептерди окуйм. Көп нерсеге кызыгам», - деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.