Turmush — Каракол шаарынын бактарына, сейил бактарына, клумбаларына жана жол жээктерине отургузуу үчүн 110 миңден ашык гүл өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Талантбек Иманов билдирди.
Анын айтымында, бардык өсүмдүктөр шаардын климаттык шарттарына ылайык тандалды. Гүлдөр Жеңиш паркы, борбордук көчөлөр, Жети-Өгүз жана Түп райондоруна багытталган жол жээктерин кооздойт.
«Жумуштар 25-апрелде башталып, 25-майга чейин толук бүтөт. Өткөн жылы 60 миңден ашык гүл отургузулса, быйыл бул көрсөткүч дээрлик эки эсе көбөйөт. Каракол кайрадан жашыл, таза жана жашоого ыңгайлуу шаар болот», — деди ал.
«Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын ландшафт дизайнери Бегайым Айткулованын айтымында, гүлдөр мекеменин күнөсканасында өстүрүлүүдө.
«Алардын арасында гибрид гүлдөр бар. Алар: катарантус, виола, георгин, бархатцы, циния, петуния. Мындан тышкары жергиликтүү сорттогу рудбекия, гайлардия сыяктуу гүлдөр да өстүрүлүп жатат. Ар бир гүлдүн өзгөчөлүгүнө жараша аларды февраль айында отургузуп баштаганбыз. Алгач үрөн себүү иштери жүргүзүлдү. Учурда пикировка иштери жүрүп жатат. Өстүрүлгөн гүлдөрдү апрель айынын аягынан тарта шаардын аймагына отургузуу башталат», — деди ал.
Маалыматка караганда, гүлдөрдүн арасында Караколдун аба ырайына туруктуу жергиликтүү түрлөрү да бар. Ал эми гибрид гүлдөрдүн уруктары чет өлкөдөн алынып келинген.
Ишкананын жашылдандыруу боюнча адиси Андрей Коноваловдун айтымында, көп жылдык тажрыйбага таянып, катарантус сорту Каракол шаарынын шартына жакшы ыңгайлашары аныкталган.
«Катарантус ысык аба ырайында көп сугарууну талап кылбайт. Былтыр бул гүлдү шаар ичинде отургузуп көргөнбүз. Ал өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, жакшы өстү. Гүлдөө мезгили жайдын эң ысык учуруна туура келди.
Ошондой эле адистер бизге бархат гүлүн сунушташкан. Анын ири гүлдүүсүн да, майда гүлдүүсүн да өстүрүп көрдүк. Экөө тең шаар шартына жакшы ылайыкташты.
Мындан тышкары, уругун өзүбүз чогулткан рудбекия, гайлардия жана аралаш бир жылдык георгин гүлдөрү да жакшы өсөрүн байкадык. Учурда розанын айрым сортторун да даярдап жатабыз. Аларды биздин шартка ылайыкташтырып өстүрүп, кийинки жылдары шаарга отургузууну пландап жатабыз», — деди Коновалов.