Turmush — Чүй облусунун Кайыңды шаарында 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Калкынын саны 10 миңден ашуун Кайыңды шаары Панфилов районунун административдик борбору болуп саналат.
«Рамазан айында кайрымдуулук иретинде шаардагы 50 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ар тараптан колдоо максатында ишке ашырылды», — деп айтылат маалыматта.
Мэриянын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Айнура Турдалиева билдиргендей, шаар тургундарына мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан жардамдар көрсөтүлүп келет.
«Тургундардын жашоосу менен жеринде таанышып, социалдык көйгөйлүү маселелерин чечүү биздин башкы миссиябыз», — деди ал.
Рамазан айына карата 50 үй-бүлөгө, анын ичинде 7 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, 3 көп балалуу, 3 тоголок жетим, 4 жалгыз бой энелелерге жана 33 аз камсыз болгон үй-бүлө азык-түлүк менен камсыздалды.