Turmush — Бүгүн, 20-мартта Талас шаарынын борбордук аянтында Айт намазы окулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, намазга жалпы 10 миңге чукул адам чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында борбордук аянтта укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.