Turmush —
Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү 3 млн сомго бетон аралаштыруучу техника сатып алды. Бул тууралуу айыл өкмөттөн кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган айыл аймактагы курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүү максатында жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланган. Сынакта «Вейчи груп КО ЛТД» ЖЧКсы утуп алган.
Ошондой эле «Баетов-Таза аймак муниципалдык» ишканасынын механик кызмат ордуна Талант Кармышаков дайындалып, ишкананын болгон техникаларын өткөрүп алып, иш алып бармай болду.
Юстиция министрлигинин маалыматы:
«Вэйчэн Групп Ко. ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коому
Негизги ишмердүүлүгү: Адистештирилбеген дүңүнөн соода
Каттоо: 23.11.2023-ж.
Негиздөөчүсү жана жетекчиси: Сюе Чэнмин.