Turmush — Ат-Башы районунда акыркы 10 жыл ичинде кан тапшырган донорлордун саны көбөйүп, калк арасында кан берүү маданияты калыптанууда. Бул тууралуу медайым Шарапат Абдыраева билдирди.
Анын айтымында, мындан 10 жыл мурун район боюнча 50дөй гана донор катталган болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 200гө жетти. Алардын 70% эркек кишилер түзөт. Учурда Ат-Башы районунда 19 «Ардактуу донор» бар.
«Элдин аң-сезими өзгөрүп, социалдык тармактар жана түшүндүрүү иштери аркылуу кан берүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөндөрдүн катары калыңдап жатат. Бир келген донорго баарын жакшылап түшүндүрүп берсек, ал кийинкисинде сөзсүз жакындарын же досторун ээрчитип келет. Кан берүү — бул бирөөнүн өмүрүн сактап калуу гана эмес, адамдын өзүнүн ден соолугу үчүн да абдан пайдалуу.
Ат-Башы тоолуу район болгондуктан, мында жашаган адамдардын канынын курамында өзгөчөлүктөр бар. Бийиктикте кан коюуланып, эритроцит, лейкоцит жана тромбоцит сыяктуу клеткалар активдүү болот. Мына ушул баалуу ресурсту туура пайдалануу менен райондук оорукана кандын запасы менен толук камсыз болгон. Учурда хирургия, реанимация жана төрөт бөлүмдөрү үчүн кан сырттан келбестен, райондун өзүнүн эсебинен жетиштүү көлөмдө берилип турат», - деди ал.
Бул бөлүмдө эмгектенип жаткан 56 жаштагы Шарапат Абдыраева 1989-жылы Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайын балдар медсестрасы адистиги боюнча аяктаган. Ошондон бери 30 жыл бою ак халатчан айым медицина тармагында эмгектенип келет. 3 кыздын энеси.