Turmush — Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган Уларбек Исмаилов облус активине расмий тааныштырылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы дайындалган биринчи орун басарды Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Адилет Акбаралиев тааныштырды.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө бир катар район, шаарлардын жаңы дайындалган жетекчилери да облус активине тааныштырылды.
Алар:
- Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалган Алтынбек Бектуров;
- Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев;
- Майлуу-Суу шаарынын мэри Алмаз Байгазиев;
- Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Канышай Кадырова;
- Сузак районунун акиминин орун басары Асел Сансызбаева.
Дайындалган жетекчилерди жигердүү жана натыйжалуу иш алып барууга чакырышты.
Ошондой эле, бүгүн, 1-апрелде Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалган Эдилбек Тажимырзаев, Чаткал районунун акиминин орун басары Махабат Токуева жана Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Ниязбек Козуев район, шаар активдерине тааныштырылат.